Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Саидбек Зулпуев ант берди
- 8 месяцев мурун
Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Саидбек Зулпуев ант берди.
Ал «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан депутат болуп келди.
Зулпуев 2021-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 26-катарда жарышка түшкөн.
Ал Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна депутат болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Боронбаевдин мандатын тапшыруу тууралуу жазган арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтоткон.
Муну бөлүшүү