Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери башкы прокурордун ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалады
- 2 года мурун
Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери башкы прокурордун ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалады.
Бүгүн, 11-апрелде Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет менен бирге Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун отчётун карады.
Суроо-жооп иретинде өткөн жыйында алгач башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди.
Ага депутаттар тарабынан социалдык объектилерди кайтаруу, Кемпир-Абад боюнча камалгандар, «Мегаком», Кыргыз Республикасынын жарандарын экстрадициялоо боюнча суроолор берилди.