Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Бишкектеги медициналык көйгөйлөр талкууланды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети менен Социалдык саясат боюнча комитети биргелешип, Бишкек шаарындагы медициналык мекемелердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр көтөрүлүп, медициналык тейлөөнүн сапатын көтөрүү боюнча бир катар сунуштар берилди.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Бактыбек Сыдыков жолугушуунун максаты саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү дарыгерлердин өзүнөн угуп, аны чечүү жолдорун биргелешип талкуулоо экенине токтолду.

Талкуу маалында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев COVID-19 пандемиясы өлкөдөгү медицинанын учурдагы абалын ачык көрсөтүп койгонун белгиледи. «Улуттук госпиталдын абалы алыскы аймактардагы ооруканалар менен эле бирдей болуп калды. Имараттарыбыз оңдолгон эмес, жабдуулар эскирген. Бизге өлкө боюнча эң оор акыбалдагы оорулуулар келет. Бирок дарыгерлерибиз сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жаатында колунан келген ишти жасап жатат», — деди ал.

Ал эми Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев кан донорлорун шыктандырууга багытталган мыйзамдык базаны күчтөндүрүү керектигин жүйө келтирди. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев Кыргызстандагы өлүм себебинин 52 пайызы жүрөк оорулары түзөрүн билдирди. «Андыктан кескин түрдө күрөштү күчөтүү керек. Бул үчүн азыр эки гана жол бар. Бири бөлүнгөн каржынын көлөмүн көбөйтүү, экинчиси инвесторлор менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн түзүү. Айрыкча, мамлекеттик кепилдик фонддорунун жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептерин кайрадан карап чыгуу зарыл», — деди.  

Ушундай эле пикирге токтолгон Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Акылбек Мусаев ооруканаларга каржылык колдоонун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Талкуу соңунда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова өткөрүлгөн жолугушуу өтө пайдалуу болгонун айтты. «Жакында саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү бир катар мыйзам долбоорлору киргизилээри күтүлүүдө. Андыктан аталган маселелер каралгычакты, тармакты ичинен билген дарыгерлердин пикирин угуу сапаттуу мыйзамдарды кабыл алууга өбөлгө түзөөрү анык. Себеби, жолугушууда көп көйгөйлөр айтылды, сунуштар берилди. Анын баары сөзсүз эске алынат», — деди.  

Ал эми Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Бактыбек Сыдыков медицина жаатындагы аймактарда айтылган көйгөйлөр борбор калаада да бар экенин белгилеп, бул багытта комплекстүү чараларды көрүү керектигин билдирди. «Өзгөчө дарыгерлердин макамын жогорулатуу менен саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шартты жакшыртуу учур талабы»,— деди комитет төрагасы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты