Жогорку Кеңештин төрагасы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышты

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Отурумда сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылуу милдети Казакстанга өтүп жатканын эске салып, Кыргызстан Парламенттик ассамблеянын алдыдагы пландарын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады. 

“Жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды арттыруу үчүн моделдик мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана улуттук мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү багытындагы иштерди улантуубуз кажет. Айрыкча мамлекет башчыларыбыздын кабыл алган чечимдерин мыйзамдуу ишке ашырууда парламенттердин ролу чоң”, – деди төрага.

Эскерке кетсек, ЖККУ ПАга Орусиянын, Казакстандын, Армениянын, Беларустун жана Тажикстандын парламенттери мүчө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты