Жогорку Кеңештин төрагасы Япониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-яапон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттик алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Хидэки Годаны Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады. “Тажрыйбалуу элчи катары эки элдин байланышын чыңдоого зор салым кошуп, кызматташтыбызды жаңы деңгээлге көтөрөсүз деген ишеничтемин”, – деди.

Өз кезегинде Хидэки Года Япония Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштерине учкай токтолду.

Муну менен катар акыркы 30 жыл аралыгында биргелешип ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сөз кылган Хидэки Года “Бир айыл – бир продукт” долбоору ийгиликтүү уланып жатканын жана аны чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө да жайылтуу максатталганын маалымдады.

Эскерте кетсек, жолугушууга “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты