Жогорку Кеңештин төрагасы ТүркПАнын кеңешинин жыйынына катышты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы быйыл ТүркПАнын түзүлгөнүнө 15 жыл толгонун белгиледи. “Бул жылдар аралыгында көптөгөн долбоорлор даярдалып, ишке ашырылды. Боордош элдердин ынтымагын арттырган демилгелер мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ар дайым колдоого ээ болуп келди”, – деди ал.   

“Ынтымак – бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала – ырыстуу элдин жөрөлгөсү” – деп кыргыз элинде айтылгандай, бүгүнкү шарттарда боордош элдердин ынтымагы тыгыз кызматташтык менен өнөктөштүктүн негизги пайдубалы экени анык. Андыктан, тарыхый байланышыбызга таянуу менен мындан ары да алакабызды арттыруубуз кажет. Биз биргелешкен аракеттер аркылуу гана саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды чыңдай алабыз”, – деди Шакиев. 

Ошондой эле ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Түркияга өтүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев ассамблеянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты