Жогорку Кеңештин төрагасы Түркияга расмий иш сапары менен жөнөп кетти

  • 2 года мурун

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты