Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам долбоорлордун түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керектигин айтты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Андан тышкары, жолугушууга тармактык комитеттердин бөлүмдөрүнүн жана парламенттик фракциялардын катчылыктарынын да жетекчилери катышты.

«Парламент коомду алдыга сүрөп, агартуучулук милдетти да аркалашы кажет. Ар бир кабыл алган мыйзамдарыбыз, токтомдорубуз жана чечимдерибиз өлкөбүздүн жаркын келечегине кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербөө негизги милдетибиз болушу шарт”, – деди.  

Ошондой эле документ жүгүртүүлөрдүн бардыгын электрондоштуруп, бюрократияны жоюунун маанилүүлүгүн белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы аппарат кызматкерлерин ыкчам иш алып барууга чакырды.

“Тартип жана жоопкерчилик ийгиликтүү ишибиздин кепилдиги. Андыктан ар бир кызматкер өз функционалдык милдетин билим менен тажрыйбага таянып, адискөйлүк менен аткарышы абзел”, – деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.  

Муну менен катар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн коомчулукка так жана туура жеткирүү учур талабы экенин билдирди. “Ага ылайык, Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн күчтөндүрүп, “Парламент” радиосунун ишин кайрадан жандантышыбыз керек. Маалыматтар бурмаланбай, өз убагында элге так жана даана жетип турса, парламенттин ишмердигине ачык жана туура баа берилишине өбөлгө болот”, – деди төрага.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты