Жогорку Кеңештин төрагасы Германияда бир катар жолугушууларды өткөрдү

  • 2 месяца мурун

Марлен Маматалиев баштаган делегациянын Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында бир катар маанилүү жолугушуулар өттү. Алгач делегация Юлия Клёкнер менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Тараптар өз ара байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилешти.

Андан соң Ульрике Лидтке менен өткөн жолугушууда аймактык деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле Маркус Франке менен сүйлөшүүлөрдө билим берүү, инвестиция тартуу жана аймактар аралык байланыштарды бекемдөө багыттары талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты