Жогорку Кеңештин төрагасы Чек арачылар күнү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Чек арачылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Күнү-түнү көз ирмебей, мекен чегинде кызмат кылуу ар дайым каарман адамдардын асыл иши болуп келген. Анткени, мамлекеттин чек арасын кайтаруу ары татаал, ары жоопкерчиликтүү иш. Ошол эле учурда ардактуу милдет. Чек арачыларыбыздын каармандыгы жана мекенчилдиги өлкөбүздүн коопсуздугунун кепилдиги. Алар душмандардын соккусун биринчилерден болуп тосуп, дайыма алдыда турушат. Тилекке каршы, мекенибиздин чек арасында болуп өткөн кандуу жаңжалдарда көптөгөн азаматтарыбыздан айрылдык. Кыргызстандын чегинде эл-жери үчүн өмүрүн арнаган баатырларыбыз калкыбыздын эсинде түбөлүк сакталат. Биз журтубуздун бүтүндүгү үчүн курман болгондорду эч качан унутпайбыз. 

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, мекенибиздин тынчтыгы үчүн кылган кызматыңыздарга ыраазычылык билдирем! Айрыкча аймактык бүтүндүгүбүздү коргоп, чек арага жакын айылдарда оор шартта жашаган мекендештерибиздин да каармандыгын баса белгилегим келет. Жергебизге душман бутун бастырбай чеп болуп турган ар бир жараныбыздын мамлекетибиздеги туруктуулукту камсыздоодо ролу жогору. 

Чек арабыз бекем болуп, өлкөбүздө тынчтык, бакубатчылык менен токчулук өкүм сүрсүн. Жараткан элибизди капыстан келген жоодон, капилет чыккан жаңжалдардан сактасын. Бабалардын жолун улап, урпактарыбызга гүлдөгөн Кыргызстанды калтыралы. Мамлекетибизге биримдик менен ынтымак орносун», — деп жазылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты