Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган делегация ЖККУ ПАнын жыйындарына катышат

  • 2 года мурун

4-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Москва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты