“Жогорку Кеңештин төрагасы алмашкандан кийин вице-спикерлер кайрадан шайлануусу керек”. Текшеребиз

Бүгүн, 12-октябрда, парламент жыйынында Улан Примов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен кеткени боюнча кайрылуу жасады. Анын ордуна депутат Нурланбек Азыгалиев шайланды.

Анда депутат Надира Нарматова төрага алмашкандан кийин вице-спикерлерди кайрадан шайлоону сунуштады.

“Жогорку Кеңештин төрагасы алмашкандан кийин вице-спикерлер кайрадан шайлануусу керек”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары кандай учурда алмаша турганын карап көрдү.

Өткөн аптада Талант Мамытов төрагалык кызматтан кеткен

Октябрь окуясынан кийин Талант Мамытов 2020-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Ал 2021-жылы «Ынтымак» партиясы менен парламенттик шайлоодон жеңишке жеткен. VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ошол эле күнү көпчүлүк добуш менен Мамытовду төрагалыкка шайланган.

Өткөн аптада Талант Мамытов кайрылуу жасап, кызматын тапшырды. Ошол эле күнү бул кызматка жалгыз Нурланбек Шакиев гана талапкер катары ат салышкан. Анын талапкерлигин «Элдик» депутаттар тобу, «Ишеним», «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Альянс» фракциялары көрсөткөн. Жыйынтыгында ал Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын үч орун басары бар 

Быйыл январь айында Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары үч вице-спикерди шайлашкан. Алар Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиев жана Улан Примов

Ага чейин Жогорку Кеңеште эки вице-спикер болгон. Парламенттин түзүмүн иштеп чыккан жумушчу топ, төраганын орун басарларынын санын көбөйтүүнү сунуштаган.  Алар мурунку чакырылышта Жогорку Кеңеш жетекчилеринин иши көп болуп, жетишпей калган учурлар болгонун айтышкан. Мындан улам үч вице-спикер шайланган.

Вице-спикерлердин ыйгарым укуктары кандай учурда токтотулат?

Жогорку Кеңештин регламентинин 23-беренесинде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары кандай учурда кызматтан кете турганы жазылган.

“Жогорку Кеңештин төрагасы алмашкандан кийин вице-спикерлер кайрадан шайлануусу керек”. Текшеребиз

Регламентте, вице-спикерлер төрага кызматтан кеткенден кийин кетиши керектиги жазылган эмес. Ал эми регламенттин 21-беренсинде төраганын орун басарларынын шайланышынын тартиптери көрсөтүлгөн.

“Жогорку Кеңештин төрагасы алмашкандан кийин вице-спикерлер кайрадан шайлануусу керек”. Текшеребиз

Жыйынтык: Депутат Надира Нарматова парламенттин төрагасы алмашкандан кийин вице-спикерлерди кайрадан шайлоо керек дегени Жогорку Кеңештин регламентинде көрсөтүлгөн эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты