Жогорку Кеңештин сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары апрель айынан бери жаңылана элек

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары 27-апрелден бери жаңылана элек.

«ПолитКлиника» медиасы парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов менен байланышканда төмөндөгүлөрдү айтты.

«Добуш берүүнүн жыйынтыктары техникалык себептерден улам жарыяланган жок. Аны жасап жатышат. Жогорку Кеңеште бардыгы ачык. Азырынча качан ишке кирип баштай турганы белгисиз», — деди ал.

23-июнда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутат Исхак Масалиев казинону ачуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы берилбей жатканын айткан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлерден сурасам төрага уруксат бербей жатат деп билдиришти. Бул мыйзам чегинде тыюу салынганбы же төраганын буйругубу? Мурдатан бери добуш берүүнүн жыйынтыгын эркин алчубуз. Кечээги добуш берүүнүн жыйынтыгын бергиле. Мага керек болуп жатат”, — деген Масалиев.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев добуш берүүнүн жыйынтыгын өзү дагы көрө электигин айтты. Төрага уруксат берсе бериле турганын белгилеген. 

Жогорку Кеңештин сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары апрель айынан бери жаңылана элек #62521
Жогорку Кеңештин сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары апрель айынан бери жаңылана элек #62521 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты