Жогорку Кеңештин комитетинде прокурорлорго кенемте берүү мыйзам долбоору жактырылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында прокуратура органдарынын кызматкерлери курман болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө жөлөкпул төлөө тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында баяндама жасаган финансы министри Алмаз Бакетаев белгилегендей, өзгөртүүнүн максаты өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатканда курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпулду төлөөдө тең өлчөмдүүлүккө жетүүнү камсыз кылууга багытталган.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдарынын кызматкерлери курман болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча 20 орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөө сунушталат. Ал эми азыркы мыйзамга ылайык, курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

Талкууда маалында депутат Гуля Кожокулова прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө кызмат учурунда каза болгон же майып болгон учурда бир жолку жөлөкпул берүүнүн этикалык жагы тууралуу маселени көтөрүп. «Бардыгына бирдей мамиле кылуу максатында тийиштүү бардык мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарыл. Эгерде прокуратура кызматкерлеринин төлөмдөрү кыскарса, анда башка мамлекеттик органдар үчүн да кыскартуу керек», — деди.

Бул пикирди депутаттар Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев колдоп, бардык тиешелүү мыйзамдарды бир пакетте кароону сунушташты. Депутат Дастанбек Жумабеков прокуратура органдарынын кызматкерлери курман болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча 24 орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөп берүүнү сунуштады. «Башкача айтканда, 1 жыл 8 ай эмес, акыркы 2 жылдык эмгек акыны эсептөөнү сунуштайм», — деди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты