Жогорку Кеңештин комитетинде педофилдерди хирургиялык кастрациялоо жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитетинде педофилдерди хирургиялык кастрациялоо жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Депутат Улан Бакасов химиялык кастрация педофилдерге каршы күрөшүүдө жакшы эмес тандоо экенин айтты.

“Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй химиялык кастрация педофилдерге каршы күрөшүүдө эң жакшы тандоо эмес. Дары-дармек ар дайым эле иштей бербейт. Андыктан жашы жете электрдин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдар үчүн хирургиялык кастрация колдонуу керек. Хирургиялык кастрация бул хирургиялык жол менен репродуктивдик органды алып салуу. Мындай операциялар жаза аткаруу системасындагы медициналык мекемелердеги саламаттык сактоо органдарында өткөрүлөт”, — дейт Улан Бакасов.

Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты