Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу боюнча мыйзам долбоору каралды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы депутат Жеңишбек Токторбаев жасады.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. «2020-жылы октябрь айында Сооронбай Жээнбеков кайсы себеп менен кеткенин билбейбиз. Мүмкүн ал кетип жатканда экс-президент макамын сактап бергиле деп айткан. Мыйзамдын өтүшү боюнча кандай мүмкүнчүлүгү бар экенин билбейм. Мен бул мыйзам долбоорун колдойм», — деди Дастан Бекешев.

Мыйзам долбоорунда экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралган. Муну менен экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар.

Мындан сырткары жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек. Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып өзүнө жана үй-бүлөсүндөгү жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө укугуна, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга берүүгө байланыштуу беренелер күчүн жоготот.

Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган. Мыйзам долбоордун демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты