Жогорку Кеңештин комитетинде Бишкектеги абанын бузлганышы боюнча маалымат угулду

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Бишкектеги абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө маалымат угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова баяндама жасады. Ал белгилегендей, биринчиден, Бишкектин абасынын булганышынын негизги булактары болуп борбордогу ЖЭБде, ошондой эле жеке сектордогу катуу отунду колдонуудан бөлүнүп чыккан уулуу заттар болуп саналат. «Ал эми экинчиден, албетте, кара түтүндүн 70 пайызын унаалар түзөт. Негизинен эмне үчүн кара түтүн пайда болот? Буга абанын начар инверсиясы таасир этүүдө, башкача айтканда, 10 жыл мурункуга караганда жагымсыз абаны айдап кетчү шарттар жыш турак жайлардын, шаардын түштүк бөлүгүндө аба коридорун бузган үйлөрдүн курулушунан начарлап кеткен. Түтүндүн себептери жакшы белгилүү. Ал эми жеке сектордун салымы да аз эмес», — деген Динара Кутманова Бишкек шаарында сапатсыз отун менен жылытылган 47 жаңы конуштарда 63 миң кожолук бар экенин эске салды.

Баяндамачы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам бере турган чараларга токтолду. «БУУнун Глазгодогу климаттык конференциясында биз абанын булганышын 44 пайыз кыскартуу боюнча чаралардын пакетин жарыяладык. Тактап айтканда, көмүр отканаларын газга өткөрүү, күйүүчү-майлоочу майлардын сапатын жакшыртуу, жылуулуктун жоготууларын азайтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, ошондой эле жашыл мейкиндиктердин аянтын көбөйтүү сунушталууда», — деди Кутманова.

Мындан тышкары, жыйында ЮНИСЕФтин “Бишкек шаарындагы аялдардын жана балдардын ден соолугуна атмосфералык абанын таасири” изилдөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат угулду.

Депутат Марлен Маматалиев бул изилдөө тууралуу айтып жатып, бала кир абанын терс таасирин эненин ичинде жатып эле сезе баштарын белгиледи. Буга байланыштуу ал борбор калаадагы ЮНИСЕФтин, ПРООНдун абанын абалын изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен Жогорку Кеңештин жаңы токтомун кабыл алууну сунуштады. «Азыркы учурдагы абадагы химиялык элементтердин көрсөткүчү нормадан 30 эсе ашат, бул албетте адамдын ден соолугунун начарлашына, ар-кандай оор кесепеттерге алып келүүдө», — деп кошумчалады М.Маматалиев.

Талкуу маалында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев бул теманын актуалдуулугун белгилеп, тилекке каршы, абанын булганышы менен күрөшүү боюнча көптөгөн чаралар декларативдүү бойдон калууда экенин айтып, жооптуу мамлекеттик органдарды бул багытта жигердүү иш алып барууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты