Жогорку Кеңештин комитетинде 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин комитетинде 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2023-2025-жылдарга карата болжолдонгон экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Алсак, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы 322 млрд 766,0 млн сом суммасында же ИДПга карата 34,8 пайыз каралган. Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 2024-жылы 389 миллиард 211,5 миллион сомду, 2025-жылы 443 миллиард 829,8 миллион сомду түзөөрү болжолдонууда.

Андан тышкары, 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 344 миллиард 029,2 миллион сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленсе, 2024-жылга 375 миллиард 807,4 миллион сом, 2025-жылы 420 миллиард 314,0 миллион сом болоору күтүлүүдө. Тагыраагы, 2023-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 миллиард 263,2 миллион сомду же ИДПга карата 2,3 пайызды түзөт.

Отурумдун жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин жана сын-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоору жактырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты