Жогорку Кеңештин комитети прокуратурадан тергөө укугун алган мыйзам долбоорун колдоду

  • 1 год мурун

Бүгүн, 30-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” коституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мыйзам долбоору жөнүндө юстиция министри Аяз Баетов маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору прокуратура органдарынын прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциянын айрым ченемдерине каршы келген ыйгарым укуктарын алып салуу максатында иштелген. Прокуратура органдарында тергөө функцияларын алып салуу сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын процесстик ишин көзөмөлдөө боюнча прокурорлордун ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзөт.

Депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунда прокуратура органдарынын тергөө функцияларын алып салуу улуттук коопсуздук органдары менен ички иштер органдарынын ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө максатында сунушталып жатканын белгиледи. «Бул органдардын ортосунда кандай кызыкчылыктардын кагылышы бар?» — деп суроо салган Гуля Кожокулова, бүт системаны өзгөртүп салууга  болбой турганын белгиледи.  Ички иштер министрлигинин өкүлү улуттук коопсуздук органдары менен ички иштер органдарынын ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогонун айтышты.

Депутат Дастанбек Жумабеков негизги мыйзамга ылайык кылмыш ишин прокуратура жүргүзүп жатканына токтолуп, прокуратура органдарындагы тергөө функцияларын алып салуу Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейби деген маселени көтөрдү. Депутаттар Мейкинбек Абдалиев, Нурбек Сыдыгалиев аталган мыйзам долбоору боюнча Башкы прокуратуранын, ИИМдин, УКМКнын өкүлдөрүнүн позицияларын такташты. Аталган органдардын өкүлдөрү мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана сын-пикирлерин киргизгендигин белгилешти. 

Ал эми комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова өз алдынча тергөө комитетин түзүү маселесин кароону сунуштады.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун жактырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты