Жогорку Кеңештин комитети Эсеп палатанын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту кабыл алды

  • 10 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин комитети Эсеп палатасынын аудитин эске алуу менен 2022-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга Финансы министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигини өкүлдөрү жана башка тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев маалымат берип, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө токтолду. Анын ырасташынча 2022-жыл ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 300 622,3 млн сом, же бекитилген пландын 99,6 пайызды түздү. Республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 270 423,5 млн.сом, же план 98,8 пайыз аткарылган.   Ошондой эле социалдык объекттердин курулушуна жана реконструкциясына, облустарда жол курууга бөлүнгөн каражаттар, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн параметрлери тууралуу маалымат берилди.

Талкуу учурунда депутат Улугбек Ормонов “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол куруу долбоорунун жүзөгө ашыруу маселесине кызыкты. Депутат техникалык экономикалык негиздеме канча суммага даярдалганын жана каржылоо модели кандай экенин сурады. Мындан тышкары, Улугбек Ормонов Баткен облусун өнүктүрүүгө каралган 500 млн сомдун ордуна болгону 250 млн гана бөлүнгөнүн сынга алды. “Ал акчанын да 41 млн сому гана өздөштүрүрүлгөн, каражат өз учурунда өздөштүрүлбөгөнү үчүн ким жоопкерчиликке тартылат”, — деп суроо салды эл өкүлү.

Депутат Бактыбек Чойбеков 15 шаарды таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумун реабилитациялоо боюнча долбоор кантип жүзөгө ашып жатканын тактады. Депутат Гүлшаркан Култаева Эсеп палатасы таап чыккан финансылык бузууларга көңүл буруп, “Капиталдык салымдар” беренесинин аткарылышына токтолду. Депутат зордук-зомбулукка кабылган аялдарга кризистик борборлорду куруу маселесин да көтөрдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты