Жогорку Кеңештин комитети Акыйкатчынын баяндамасын эске алуу чечимин кабыл алды

  • 1 год мурун
Жогорку Кеңештин комитети Акыйкатчынын баяндамасын эске алуу чечимин кабыл алды

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Акыйкатчынын баяндамасы каралды.

Анда ал 2022-жылга карата Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндама жасалды.

Өз баяндамасында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндөгү” Акыйкатчынын баяндамасы тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун алкагындагы сунуштамалардын аткарылышына токтолду.

Ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатындагы Акыйкатчынын чара көрүү актыларын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, эмгек укуктарын коргоо жаатындагы Акыйкатчынын чара көрүү актылары тууралуу маселени көтөрүп, эмгек мигранттарынын укугун коргоо, анын ичинде эркиндигинен ажыратылгандарга көмөк көрсөтүү максатындагы жагдайлар тууралуу сөз кылды.  

Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев Акыйкатчынын иш-аракетине аппаратындагы 16 кызматкер арызданганын билдирсе, ушундай эле пикирге токтолгон депутат Дастанбек Жумабеков мекемеде Эмгек кодексинин бузулушуна байланышкан нааразычылыктар бар экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Атыр Абдрахматова арыздардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөнүн жана мыйзам бузуулар табылбагандыгын маалымдады.

Муну менен катар депутат Дастанбек Жумабеков өлкөдө адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдү Акыйкатчы институту жүргүзөрүн белгилеп, ага ылайык “Акыйкатчы жөнүндөгү” мыйзам конституциялык макамга ээ болушу керектигин билдирди.

Жыйынтыгында Акыйкатчынын баяндамасын эске алуу чечими кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты