Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы тыныгуудан кийин алгачкы сессияга чогулушту

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары жайкы тыныгуудан кийин алгачкы жыйынга чогулушту.

Жыйынды Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев ачып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Конституциянын 83-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинин 32-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.

Эске салсак, депутаттар жайкы каникулга 30-июнда тараган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты