Жогорку Кеңештин депутаттары Ошто көчмө жыйын өткөрдү

  • 2 года мурун

Кечээ, 19-декабрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында прокуратура, укук коргоо органдарынын жетекчилери кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү багытында учурдагы абал боюнча маалымат беришти.

Ошондой эле Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев сел жана суу ташкындары учурунда шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты