Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы ККМдин киргизилишине байланышкан маселелерди карады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көчмө жыйынынын алкагындаСалык кодексинин аткарылышына жана контролдук-кассалык машиналардын киргизилишине байланышкан маселени каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө лидер Нурланбек Шакиев баштаган фракция мүчөлөрү Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун иши менен таанышты.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бир катар мамлекеттик органдар Салык кызматы менен бирге Ишкерлерди тейлөө борборунда өз кызматтарын көрсөтүп жатканын билдирди. Алтынбек Абдуваповдун айтымында, мындай борборлорду Ош жана Жалал-Абад шаарларында ачуу пландалууда. Муну менен катар контролдук-кассалык машиналардын киргизилишине байланышкан маселелер боюнча маалымат берди.

Эскерте кетсек, фракциянын жыйынына каржы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов, экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов да катышты. Салык кызматынын өкүлдөрү аталган кызматты санариптештирүүнүн алкагында бир нече компоненттерден турган “СМАРТСАЛЫМ” долбоору иштелип чыккандыгын, алардын негизгилери электрондук эсеп-фактура жана кассалык машина экенин айтышты.

Талкуу маалында фракция лидери Нурланбек Шакиев контролдук-кассалык машиналарды киргизүү маселеси ишкерлерди олуттуу тынчсыздандырып жатканын белгиледи. Ушундай эле пикирге токтолгон депутаттар Шаирбек Ташиев, Кундузбек Сулайманов ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын кошумчалашты. Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев Салык кызматынын электрондук тутумунун жана маалыматтарынын коопсуздугу боюнча маселени көтөрдү.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жана маалымат алмашуу алкагында товарларды эсепке алуу чөйрөсүндөгү маселелерди Талайбек Масабиров токтолсо, депутат Ырысбек Атажанов мыйзамсыз товарларды алып өтүүгө каршы күрөшүү жаатындагы көйгөйлөрдү көтөрдү. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, электрондук эсеп-фактуралар жана контролдук-кассалык машиналар системасы өлкөнүн соода жүгүртүүсүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берерин белгиледи. “Эгерде таза иштесе, салык процедураларын фискалдаштыруу ишкерлерге көйгөй жаратпайт”, — деди Алтынбек Абдувапов.

Ошондой эле депутаттар салык жараяндарын фискалдаштыруу өлкө экономикасын “көмүскөдөн” чыгарууга шарт түзөрүн айтышып, ошондой эле ККМди ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарды киргизишти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты