Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алайбек Алымбаев болуп дайындалды
- 2 года мурун
![Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алайбек Алымбаев болуп дайындалды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2022/11/141122125802_1-1500x1195.jpg)
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алайбек Алымбаев болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койду.
Алайбек Алымбаев 1980-жылы туулган.
Жогорку билимдүү.
Эмгек жолун 2001-жылы Ош облустук Балдардын чыгармачылык борборунда ийрим жетекчиси болуп баштаган;
2002-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, тарых мугалими, Жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген;
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти;
2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин пппаратынын Социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты кызматтарын аркалаган;
2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы;
2016-2021-жылдары Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт;
2021-жылдын октябрынан декабрына чейин “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты.