Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагасынын отчёту каралды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагасынын отчёту каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев белгилегендей, Кыргыз Республикасындагы экономикалык жигердүүлүк 2021-жылы COVID-19 пандемиясынын кесепеттеринен улам акырындап калыбына келүү тенденциясын көрсөткөн. Кумтөр кен казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨнүн өсүшү  3,9 пайызды түзгөн.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылы 23 коммерциялык банк иш алып барган. Иштеп жаткан коммерциялык банктардын ичинен 16 банк чет өлкө капиталына ээ. Коммерциялык банктардын төлөнгөн уставдык капиталынын жалпы суммасы 37 млрд сомду, анын ичинде банк системасынын уставдык капиталындагы чет өлкө капиталынын үлүшү 29,2 пайыз же 10,8 млрд сом.

Жалпысынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банк системасынын таза пайдасы 2020-жылга салыштырмалуу 56,2 пайызга өсүп, 3,6 млрд сом чегинде катталган.

Ошондой эле нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу иши улантылган. Төлөм карталарынын жалпы саны республика боюнча 10,9 пайызга жогорулап, 3,8 млн даанага жеткен, анын ичинен  “Элкарт” улуттук карталарынын саны болжол менен 2,3 млн даана болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты