Жогорку Кеңеште «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун биргелешип куруу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кенештин жыйынында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев маалымат берди. Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Долбоор тараптардын үч темир жол администрациялары («Кытай темир жолдору» мамлекеттик корпорациясына караштуу Чайна Рэйлвей Интернешнл, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы, «Узбекистон темир йуллари» акционердик коому) менен биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу аркылуу КЭӨ (курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү) модели боюнча ишке ашырылаары болжолдонууда.

Мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты