Жогорку Кеңеште каржы пирамидасын жарнамачыларына кылмыш ишин козгоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңеште каржы пирамидаларынын жарнамачыларына кылмыш ишин козгоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин өзгөртүү маселеси талкууланды.

Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады.

Сунушталган долбоорКонституциялык сотунун 2022-жылдын 15-июнундагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан. Жогоруда көрсөтүлгөн чечимдин мотивдик бөлүгүндө козголгон маселени чечүүгө багытталган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Шайырбек Ташиев аталган долбоор “Финансы пирамидаларын уюштуруу” маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыкканын айтты. “Тагыраагы, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизип, каржы пирамидаларын түзгөндөрдүн ишин жарнамалаган инсандарды да жоопко тартуу сунушталууда. Мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандарды 20 миңден 25 миңдик эсептик көрсөткүчкө барабар айып пул жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралууда”,– деди.

Баяндамачы белгилегендей, өткөн жылы финансы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголгон.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев сунушту колдоорун белгилеп, айрым финансы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу сөз кылды. Ал эми депутат Эмил Жамгырчиев кылмыш жасалгандан кийин күрөшпөй, алдын-алуу чараларын да күчөтүүгө чакырды. Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты