Жогорку Кеңеште ишти санариптик форматка өткөрүү сунушталды

  • 3 месяца мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин ишин санариптештирүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйында кагазсыз иш жүргүзүү форматына өтүү жана парламенттин ички процесстерин толугу менен электрондук системага өткөрүү маселелери талкууланды.

Реформанын алкагында электрондук документ жүгүртүүнүн толук системасын киргизүү каралууда. Ага ылайык, каттарды каттоодон тартып мыйзам долбоорлорун макулдашууга чейинки бардык иштер корголгон санариптик платформалар аркылуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн ички ченемдик-укуктук актыларды жаңы талаптарга ылайыкташтыруу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, комитеттердин жана депутаттык топтордун жыйындарын онлайн форматта өткөрүү тажрыйбасын киргизүү пландалып жатканы белгиленди. Бул парламенттин ишинин ыкчамдуулугун жана мобилдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты