Жогорку Кеңеште 5 министр ант берди
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.
Министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Мелис Тургунбаев;
Саламаттыкты сактоо министри- Алымкадыр Бейшеналиев;
Билим берүү жана илим министри — Догдуркүл Кендирбаева;
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Гүлнара Баатырова;
Санариптик өнүктүрүү министри — Динара Кутнаева.
Муну бөлүшүү