Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимди жактырды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоону жактырды.

Жыйынга президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев катышты.

Мыйзам долбоору үч окууда жактырылды.

1. “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.

Добуш берүү үчүн 83 депутат катталды. Анын 65и «макул», 19у «каршы» деп добуш берди.

2. “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.

Добуш берүү үчүн 83 депутат катталды. Анын 65и «макул», 18и «каршы» деп добуш берди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты