Жогорку Кеңеш мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоорун кайра кароого кайтарды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан жана айып пул чегерүү маселеси каралган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев: “Колунда жок үй-бүлөнүн балдары айып пулду кантип төлөйт? Мугалим менен окуучунун ортосунда түзүлгөн талаштуу жагдайды кантип далилдейбиз? Менимче мыйзам иштебейт”, – деген пикирин билдирди.

Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов мыйзам долбоору кабыл алынса тергөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө оорчулук түзүлөөрүн белгиледи. “Алардын иши ансыз да көп. Жүктөм көп болгондуктан, аларга карата нааразычылыктар арбын болууда”,– деди. Муну менен катар мыйзам долбоорун артка чакырып алууга үндөдү.

Ошондой эле депутат Эльвира Сурабалдиева  идея жакшы болгону менен мыйзам долбоору мугалимдер менен окуучулардын ортосунда ажырымга өбөлгө түзүшү мүмкүндүгүн кошумчалады. Ушундай эле пикирге депутаттар Чолпон Султанбекова менен Эмил Жамгырчиев да токтолду.

Андан тышкары, депутат Камила Талиева мыйзам долбоорунан айып пул ченемдерин алып салууну сунуштады. “Албетте мугалимдерди баркташыбыз керек. Анткени көпчүлүк учурда мугалимдер гана күнөөлү болуп калган жагдайлар арбын. Андыктан мыйзамга ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу чараларын күчөтсөңүздөр”, – деди ал.

Демилгечи депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдерди барктап, кадырлаганда гана келечектен үмүр артууга болорун белгилеп, мыйзам долбоору агартуучулардын статусун көтөрүүгө багытталганын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окуу режимине кайтаруу чечими кабыл алынды.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты