Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди

  • 4 часа мурун

Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди. Жыйынга катышып отурган 78 депутаттын 75и макулдук берди.  

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кезексиз жыйынында Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, жактырган. 

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин тиешелүү сунуштамасы менен тааныштырды. 

22-октябрда Соттор кеңешинин жыйынында  Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлиги каралды жана бир добуштан колдоого алынды.

Сүрөттө: Медербек Сатыев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты