Жогорку Кеңеш кийинки аптада бир канча маселе боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш кийинки аптада бир канча маселе боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Жыйын 22-сентябрь саат 10:00дө башталат. Анда “Кумтөр” алтын кени, өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо, эмгек мигранттарынын чет жерлердеги абалы, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү жагдай, ошондой эле депутаттар көтөргөн социалдык-экономикалык маселелер жөнүндө Министрлер кабинети маалымат берет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты