Жогорку Кеңеш кандай шарттарда өзүн-өзү тарата алат?

  • 2 года мурун
Жогорку Кеңеш кандай шарттарда өзүн-өзү тарата алат?

Жогорку Кеңештин жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин тарасын дегендерди колдой турганын айтты. “Эл арасында Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары тарасын деген маселе коюлуп жатат. Мен биринчилерден болуп колдойм. Себеби биздин ушундай болуп отуруп иштегенибизге укугубуз жок”, — деди Мадумаров.

Жогорку Кеңеш кандай шарттарда өзүн-өзү тарата алат?

“ПолитКлиника” медиасы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу кандай шартта ишке аша турганын карап көрдү.

Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу боюнча Баш мыйзамда кандай көрсөтүлгөн?

Парламенттин өзүн-өзү таркатуу боюнча Конституциянын 84-беренесинде жазылган. Ага ылайык, өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Башкача айтканда 60 депутат “макул” деп добуш бериши керек. Президент Жогорку Кеңеш таркатылган күндөн тартып беш күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. 

Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу кандай ишке ашат?

Жогорку Кеңештин регламентинин 142-беренесинде парламент кандай учурда өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл ала турганы жазылган.

  1. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Өзүн-өзү таратуу жөнүндө негизделген сунушту фракция киргизүүгө укуктуу. Төрага сунушту 7 күндүн ичинде алдын ала кароо жана сунуштарды киргизүү үчүн 2 күндүн ичинде бардык фракцияларга жөнөтөт. Ушундан кийин төрага маселени кароонун датасын дайындайт.
  2. Жогорку Кеңеш тарабынан өзүн-өзү таратуу жөнүндө маселени кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүзөгө ашырылат. 
  3. Талкуулоо аяктагандан кийин, бирок талкуулоо башталгандан 3 күндөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү жүргүзүлөт. 
  4. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмесинин добушу менен кабыл алынат. 
  5. Эгерде өзүн-өзү таратуу жөнүндө токтом кабыл алынса, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тартып 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүшү керек.
  6. Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарат.

Эске салсак, 2017-жылы март айында Жогорку Кеңештин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фрацкиясынын депутаты Бакыт Төрөбаевдин «адилеттүү боло албасак тарап эле кетели» деген сунушун айткан. КСДП фракциясынан депутат Данияр Аттокуров: «Бакыт Төрөбаевдин «парламент, тарап кетели» деп айтканы популисттик болбосо, «Өнүгүү-Прогресс» парламенттен кетүү боюнча чечим чыгарсын» деген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты