Жогорку Кеңеш ишин баштады, жаңы депутаттар ант беришти

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясынын ачылышы болду. Жыйында Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришти.

Депутаттар эки айлык эс алуудан кийин ишке чыгышты. Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын биринчи жыйынында жаңы депутаттар Тыналиев Айжигит Казакбаевичтин, Марипов Бакытбек Асамидиновичтин, Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичтин, Бердиев Аккулу Тагаевичтин, Айдаралиев Эрнис Шарабидиновичтин ант берүү аземи болуп өттү.

Айжигит Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан, Бакытбек Марипов №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан, Арсланбек Эгембердиев «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан, Аккулу Бердиев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан, Эрнис Айдаралиев «Ыйман Нуру» саясий партиясынан шайланган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты