Жогорку Кеңеш Гүлшайыр Садыбакасованын депутат тууралуу айткан сынына жооп берди

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш басма сөз кызматы Гүлшайыр Садыбакасованын депутат Аида Исатбек кызы тууралуу айткан сынына жооп берди.

«Жогорку Кеңештин депутаты элдин өкүлү катары калк тарабынан айтылган көйгөйлөрдү көтөрүп, алардын чечилишине көмөк көрсөтөт. Депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы менен жеринде таанышкан.  

Ага ылайык, аталган маданий жайдагы жагдай тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилиги боюнча пикирин билдирген. Ырдын пири Рыспайдын атын алып жүргөн филармониядагы шартты жакшыртуу менен маданий жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында гана маселени көтөргөн. Депутат Аида Исатбек кызынын Гүлшайыр Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок. Андыктан, айтылган пикирди туура кабыл алып, 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан филармонияны өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барат деген ишеничте.

Албетте депутаттар бардык конструктивдүү сындарды угууга даяр. Калктын көйгөйүн көтөрүп чыгууда айтылган пикир айрым адамдарга жакпашы анык. Бирок депутат Аида Исатбек кызы өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттеги жана коомдогу көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды чечүү багытында ишин жигердүү уланта берет», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Гүлшайыр Садыбакасова Фейсбуктагы баракчасына депутаттын филармониянын абалы тууралуу сынына жооп кайтарган. Аталган маданий жай бир канча жолу «Жылдын мыкты филармониясы» деген наам алганын белгилеп, депутатты «22 жылдык директорлук кызматыма асылып, бул мекеменин өнүктүрүүгө, өстүрүүгө жасаган опол-тоодой эмгегимди жокко чыгаргысы келген» деп айыптаган. Ошону менен катар эле депутаттын кечирим суроосун талап кылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты