Жогорку Кеңеш Бишкектеги абанын булганышын азайтуу чаралары тууралуу токтом сунуштады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш Бишкектеги абанын булганышын азайтуу чаралары тууралуу токтомду сунуштады.

Парламенттин 15-декабрдагы жыйынында аталган маселе талкууланып, токтомдун мазмуну менен депутат Марлен Маматалиев тааныштырды.

Эл өкүлү алгач абанын булганышынын негизги беш себебин атап өттү. Ага ылайык, жылуулук борборунда бышпаган сапатсыз көмүр жагылышынан, катализатору жок унаалардын, Бишкектин тегерегиндеги конуштар газдаштырылбаганы жана шамалдын багытынын өзгөрүшүнөн аба булганууда.

“Кыргызгазды» 1 долларга сатып жатканда алар 47 кошунтун баарын газдаштырабыз деп милдеттеме алган. Бүгүн алардан сурасак, бир кыйла конуштарга газ киргизилгени менен керектөөчүлөр көгүлтүр от колдонбой койду деп жүйө келтирип жатат. Чынында, үйгө газ киргизип, газ мешин коюуга 100 миң сомго чукул акча коротулат экен. Андыктан элге жардам кылуу үчүн “Газпром”, банктар, керектөөчүлөр болуп, үч тараптуу макулдашуу түзгүлө деп сунуш-тапшырма берип жатабыз”, — деди депутат Марлен Маматалиев.

Мындан тышкары ал таштанды талаасы боюнча чекит коюу керек экенин кошумчалады.

Ошондой эле токтомдо шамалдын багытын бузуп жаткан шаардагы курулушту да мындан ары катуу көзөмөл кылуу зарылдыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты