Жогорку Кеңеш бир сессияда 41 мыйзам жана 276 токтом долбоору кабыл алынды

  • 2 года мурун

30-июнда VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясын жабуу алдында Төрага Талант Мамытов кайрылуу жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сиздер менен бул мезгилде өлкөбүз үчүн зор мааниси бар бир катар мыйзамдарды кабыл алдык. Жаңы Конституцияга мыйзам актыларын шайкеш келтирүү алкагындагы мыйзамдардын жаңы редакциялары иштелип чыкты. Парламентибиз өлкөдөгү жаңы реформалардын башында туруп, көйгөйлөр менен бирге мамлектибиздин өнүгүшүнө зарыл болгон олуттуу маселелер талкууланган аянтча катары кызмат кылды.

Жалпысынан сессия мезгилинде 43 пленардык жыйын, 2 кезексиз жыйналыш өткөрүлүп, 41 мыйзам жана 276 токтом долбоору кабыл алынды.

Алардын ичинде республикалык бюджетти бекитүү, Жер мунапысы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жол фонду, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзамдар өзгөчө мааниге ээ болду. Андан тышкары, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчеттору каралып, ошондой эле Акыйкатчынын (Омбудсмендин), Кыйноолорду жана катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын-алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамаларын уктук.

Сессия убагында орчундуу маселелер боюнча 4 убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, өз иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле, ушул мезгилдин ичинде Жогорку Кеңеш тарабынан 7628 жарандын кайрылуусу каралып, 6 миңден ашуун шайлоочу менен жолугушуу өткөрүлдү», — деп айтылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты