Жогорку Кеңеш Баткендеги кырдаал боюнча Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түздү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу өткөрүлгөн кезексиз жыйындан кийин төрага Талант Мамытов баштаган депутаттар сыртка чыгып, чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүү үчүн парламент имаратына келгендер менен кайрадан жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү жумуштарды жүргүзүп жатканын айтып, парламент бардык керектүү чечимдерди кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзөөрүн маалымдап, штабдын алкагында депутаттар тийиштүү жумуштарды алып барарын кошумчалады.

Ошондой эле төрага баштаган депутаттар борбордук штабдын алгачкы жыйынын өткөрүп, Баткен облусунун өкүлдөрү менен бирге кырдаалды талкуулады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты