Жогорку Кеңеш Акаевдин экс-президенттик макамы боюнча депутаттык комиссия түзүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алды   

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтаруу боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча анын арызы туурасындагы маселе каралды.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетинде Аскар Акаевдин экс-депутаттык макамын кайтаруу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү четке кагып, бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгуу чечими чыгарылганын депутат Чолпон Султанбекова билдирди.

Маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине коюлуп, Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтаруу боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча сунуш четке кагылды. Четке кагуу тууралуу токтомго жыйынга катышып жаткан 81 депутаттын 71и макул, экөө каршы болду. Добуш берилгенден кийин эки депутат да туура эмес басып алганын билдирип, комитеттин чечимине макул экенин билдирди.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бул туура чечим болгондугун белгиледи.

Абакта жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президенттик макамы боюнча билдирүү жасады.

Кечээ, 24-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетинде Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтарып берүү боюнча арызы каралды. Комитет Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтаруу боюнча маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды. Комитет парламенттин жалпы жыйынына арызды канаттандыруудан баш тартууну сунуштады.  

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кат жолдогону белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кумтөр кенинин айланасындагы коррупция боюнча Бишкекке алынып келингендигин маалымдаган.

Аскар Акаев Улуттук коопсуздук комитетине “Кумтөр” иши боюнча 2022-жылы Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча эки жолу жолу сурак берген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты