Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берген жок

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчүн четке какты.

Парламент 9-марттагы жыйынында Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын аны жоопко тартууга уруксат бербөө тууралуу чечимин колдогонун аталган комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов билдирди.

​Башкы прокуратура февралда Мадумаровго карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козгогону белгилүү болгон. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аны жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылган. Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, комиссия Башкы прокуратуранын сунушун четке каккан.

Кийин мекеме кылмыш ишин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөрткөн.

Адахан Мадумаров кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келет.

Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколдон улам 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты