ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү

  • 7 месяцев мурун

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Жогорку Кеңештин сайтында документ былтыр 15-декабрда каттоого алынганы жазылган.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы жазылган. Бул колдонулуп жаткан мыйзам түп тамыры менен эскирди. Медиа тармагындагы андан берки өзгөрүүлөр мыйзамда камтылбай калганы жазылган. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат.

«Санариптик өнүктүрүү министрлигинде тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте катталууга тийиш. Жалпыга маалымдоо каражаты Юстиция министрлиги же Санариптик өнүктүрүү министрлиги каттоо жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып катталды деп эсептелет», — деп жазылат маалыматта.

2022-жылы сын-пикир коштолгон коомдук жыйындан кийин президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон.

Жумушчу топ 5-декабрда түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзам  долбоору боюнча медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топко чиновниктер кайрадан иштелип чыккан вариантты берген. Бирок эксперттердин, юристтердин айтымында, мыйзам долбоору анча-мынча гана өзгөртүүлөрдү эсепке албаганда, сөз эркиндигин чектөө, ЖМКлардын ишин жөнгө салуу эрежесинин катаалдашы дээрлик мурдагы редакциясындагыдай эле калган.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты