ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы коомдук талкууга коюлду  

  • 2 месяца мурун

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңыдан иштелип чыккан редакциясы 9-июлда коомдук талкууга коюлду.

Жаңы редакцияда онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.

Жаңы редакцияда маалымат каражаттарын жоопкерчиликтен бошотуунун жагдайлары такталган. Ага ылайык, маалымат расмий булактан алынса, коомдук жайда айтылган билдирүүнү чагылдырууда жоопкерчиликтен бошотулары көрсөтүлдү. Ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жол-жобосу иштелип чыкты.

Анда журналисттер мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишмердиги тууралуу маалымат сураган учурда үч күндүн ичинде жооп берүүгө, эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керек. Бирок бул тууралуу мамлекеттик орган маалымат каражатына алдын-ала эскертиши зарыл.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты