ЖМК тууралуу мыйзам долбоору: Министрлик кызыкдар тараптарды талкууга чакырат  

  • 2 месяца мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар жана медиакоомчулук менен биргеликте “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыкты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштарсаясаты министрлиги билдирди.

Министрлик «Жалпыга маалымдоо каражттары жөнүндө» мыйзам долбоорун тулкуулоого бардык кызыкдар тараптарды чакырат.

​Жолугушуу 2024-жылдын 28-июнунда саат 10:00дө  Улуттук тарых музейинин чоң залында өтөт.

Жыйынга катышууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдардын, медиакоомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар чакырылды.

Буга чейин «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу» мыйзам долбоору курч сын-пикирге туш болуп келген. Эми толукталган жаңы варианты сунушталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты