Алдамчылыкка шектелген БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов акталды

  • 2 года мурун

Алдамчылыкка шектелген БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов акталды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарды.

«Прокурор Акылбек Эшимовду күнөөлүү деп таап, пробациялык көзөмөлгө алууну суранды. Судья Эмилбек Кайыпов жабырлануучу менен БШК мүчөсүнүн ортосундагы талаш-тартышты жарандык жол менен чечүү керек деген чечим чыгарып, айыпталуучуну толук актады”, — деп жазышты.

Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматы маалыматты тастыктады.

Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Былтыр 30-декабрда Эшимов үй камагына чыккан. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты