ЖКнын төрагасы Шакиевдин ЛГБТ коомчулугу тууралуу айткандары өлкөдөгү азчылыкты дискриминация кылат (Фактчекинг)

Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттын көбү Кыргызстандагы гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын айтып чыкты

“Глобалдык фонд үч жылда бир жолу Кыргызстанга ВИЧ жана кургак учукка каршы күрөшүү үчүн каражат берип турат. 2024-жыл үчүн 29 миллион доллар бөлүнүүсү күтүлүүдө. Өткөн жылдары мындай гранттын негизги алуучусу ПРООН (БУУнун Өнүктүрүү программасы) болгон. Бирок ПРООНдун отчетунда түшүнүксүз пункттар көп жана алар жыл сайын отчет беришпейт” , — деген Садырбаева. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев анын сөзүн колдоп, бейөкмөт уюмдары жана трансгендер адамдардын улуттук баалуулуктарга терс таасирин тийгизип жатканын айткан. 

“Бейөкмөт уюмдар бир топ жаштарды кайсы жакка алып баратат? Бул биздин келечегибизге өтө чоң сокку, трансгендерлер жөнүндө сөз болуп жатат. Тилекке каршы, биз маани бербеген менен мындай терс көрүнүш аябай тез өсүүдө. Аны менен кескин күрөшүүбүз керек. Улуттук чоң көйгөй, кесепети аябай жаман болот”, — деп айткан Нурланбек Шакиев.

“ПолитКлиника” медиасы депутат Жылдыз Садырбаева жана ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиевдин сөздөрүн анализдеп көрдү. 

БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН)  каражаттар тууралуу маалымат берген

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жыл сайын ишмердүүлүгү боюнча отчет жарыялайт.

ПРООНдун 2022-жылдагы отчетун карап көрө турган болсок, Кыргызстанда гендердик теңчилик, демократиялык баалуулуктардын сакталышы, экономикалык багыттагы ишмердүүлүгү жана бюджети тууралуу маалымат берилген.

ЖКнын төрагасы Шакиевдин ЛГБТ коомчулугу тууралуу айткандары өлкөдөгү азчылыкты дискриминация кылат (Фактчекинг)

Ага ылайык, БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы 2022-жылы Баткендеги чек-ара согушунан жабыркагандардан баштап, өнөкөт оору менен ооруган бейтаптарга чейин берген каражаттардын суммасы көрсөтүлгөн. 

Мисалы, Баткен облусуна 2022-жылы 3,4 миллион доллар жардам көрсөткөн. 

Мындан сырткары, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына да 500 миллион долларга жакын акча бөлгөн.

ЖКнын төрагасы Шакиевдин ЛГБТ коомчулугу тууралуу айткандары өлкөдөгү азчылыкты дискриминация кылат (Фактчекинг)

Ал эми уюмдун приоритеттүү багыттарынын арасында ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн колдоого алуу бар экени жашыруун эмес. 

Башкача айтканда, депутат Жылдыз Садырбаеванын “ПРООН өз ишмердүүлүгү тууралуу отчет бербейт” деген сөзү чындыкка дал келбейт. 

“Гомофобия” жана көз караштардын кагылышы 

2020-жылы “Лабрис” уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, бир жыл ичинде кыргыз ЖМКларында ЛГБТ коомчулугу тууралуу 381 материал жарыяланган. Алардын ичинен 258и ЛГБТ коомчулугуна каршы жек көрүүгө жана зомбулукка үндөгөн материалдар болгон.

Изилдөөгө ылайык, ЛГБТ өкүлдөрүнө карата маалыматтык чабуул көбүнчө 8-мартка байланыштуу иш-чараларда, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөөдө, парламенттик шайлоодо, ошондой эле митингдерде жана бийлик алмашуу учурунда байкалган. 

Анткени, көпчүлүк саясатчылар “ЛГБТ коомчулугуна жек көрүүнү жана гомофобияны” курал катары пайдалана турганы белгиленген. 

Гомофобия — бул гомосексуализмге же ЛГБТ+ катары аныкталган же кабыл алынган адамдарга (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендерлер) карата терс мамилелердин жана сезимдердин жыйындысы. 

2018-жылдагы изилдөөгө ылайык, бул топтун өкүлдөрү Кыргызстанда көптөгөн дискриминация жана жек көрүүгө кабылышат. 

Ал эми постсоветтик өлкөлөрдөгү гомофобия боюнча Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу жогорку көрсөткүч менен айырмаланат. 

Нурланбек Шакиевдин сөзү мыйзамга каршы келет 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 9-марттагы жыйында “трансгендер адамдар” менен күрөшүү керектигин билдирген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүгүндө адамдардын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери жазылган.

Аталган мыйзамдын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын эч бир жараны жеке турмушунун кол тийгистигине жана эркиндикке укуктуу. 

ЖКнын төрагасы Шакиевдин ЛГБТ коомчулугу тууралуу айткандары өлкөдөгү азчылыкты дискриминация кылат (Фактчекинг)

Ал эми жогорудагы мыйзамдын 24-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны туткан дини, жынысы же башка ынанымдары үчүн басмырланбашы керек. 

ЖКнын төрагасы Шакиевдин ЛГБТ коомчулугу тууралуу айткандары өлкөдөгү азчылыкты дискриминация кылат (Фактчекинг)

Анткени ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат жана Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарга алар дагы ээ. 

Ал эми 2022-жылы бекитилген Жогорку Кеңештин регламентинин 141-беренесине ылайык, депутат кимдир бирөөнү басмырлай турган айыптоочу сөздөрдү айтпашы керек. 

Башкача айтканда, ЖКнын төрагасы  Нурланбек Шакиев “Бейөкмөт уюмдар бир топ жаштарды кайсы жакка алып баратат? Бул биздин келечегибизге өтө чоң сокку, трансгендерлер жөнүндө сөз болуп жатат” деген сөзү менен манипуляциянын ыкмаларын колдонгон.

  • Көпчүлүккө апелляция – “Айланадагылардын баары ушинтип ойлойт, демек, бул чындык”.  Башкача айтканда, жеке ой жалпы коомчулуктун ою катары көрсөтүлөт. 
  • Душман көрсөтүү – башка улуттун, этностун өкүлүн же башка көз караштын жактоочусун “адепсиз”, “ырайымсыз” сыяктуу сөздөр менен душман көрсөтүү аракети болот. 
  • Күнөөкөр табуу — бул учурда бир адамга же топко күнөө коюлат. Мисалы, “Т” аттуу топ дайыма өлкөнүн өнүшүнө тоскоол болот” деп айтышат. Бул учурда “Трансгендер адамдар улуттук баалуулуктарды жоготуучу коркунуч” деп айтылып, манипуляциянын душман табуу элементи колдонулган.

Башкача айтканда, ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев ЛГБТ коомчулугу жөнүндөгү сөзүндө дискриминациянын жана манипуляциянын элементтерин колдонгон. 

Бейөкмөт уюмдар тууралуу түзүлгөн негативдүү образ 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бейөкмөт уюмдары тууралуу да сөз кылган. Анын “Бейөкмөт уюмдар бир топ жаштарды кайсы жакка алып баратат?” деген сөзү да манипуляциянын “негативдүү образ түзүү” түрүнө кирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы көз карандысыз медиалар менен бирге акыркы убактарда бейөкмөт уюмдарга каршы да системалуу түрдө негативдүү маанай жаратуу аракети бар.

Бул каралоолор көпчүлүк учурда өлкөнүн бюджетинен каржыланган мамлекеттик каналдар аркылуу жүргүзүлүүдө. 

Мисалы, өткөн жылдын 13-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын абактагы мөөнөтүнүн узартылганы тууралуу сюжетте ЭЛТР телеканалынын “псевдоэксперти” Актан Ажымамбетов “бейөкмөт уюм” (НПО) түшүнүгүн чечмелеп берген.

“НПО кыргызчасы – бейөкмөт. А “бей” деген сөз “жок” деген сөз. Кыргызда “беймаал”, “бейбаш”, “бейубак” дейт го, “бей” деген “жок” деген сөз. А “бейөкмөт” деген “башы жок, ээнбаш” деген эле сөз”, – деген “саясат таануучу”. 

Чынында, бейөкмөт уюм адатта кандайдыр бир өкмөттөн көз карандысыз иштеген топту сүрөттөйт. Бул термин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 1945-жылы мамлекеттик органдар менен жеке жактарды айырмалоо үчүн иштелип чыккан. Бейөкмөт уюмдар, адатта, белгилүү бир миссиясы же кызматы бар жеке адамдар тарабынан түзүлөт жана алар өздөрүнүн платформасын коммерциялык эмес сектордогу кызыкчылыктарды коргоо үчүн колдонушат. 

Дүйнөлүк банк бейөкмөт уюмдарды «азапты жеңилдеткен, жакырлардын кызыкчылыгын коргогон, айлана-чөйрөнү коргогон, негизги социалдык кызматтарды көрсөткөн же коомчулукту өнүктүрүүчү ишмердүүлүк менен алектенген жеке уюмдар» деп мүнөздөйт.

Бейөкмөт уюмдар бир гана Кыргызстанда эмес дүйнө жүзү боюнча иш алып барышат. 

Изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын 43%га жакыны жакырчылык менен күрөшүү, 42%га жакыны адам укуктары жана 17,1%ы гендердик маселелер жана башка багыттар боюнча иш алып барышат. 

ЖКнын төрагасы Шакиевдин ЛГБТ коомчулугу тууралуу айткандары өлкөдөгү азчылыкты дискриминация кылат (Фактчекинг)

Жыйынтык: Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү тууралуу айткандары Конституциянын 24-29 беренелерине каршы келет жана депутаттык этиканы бузат. Ал эми депутат Жылдыз Садырбаеванын БУУнун Өнүктүрүү программасынын отчету тууралуу айткандары чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты