ЖКнын төрагасы 2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөрүн айтты
- 2 года мурун
Жогорку Кеңештин (ЖК) төрагасы Нурланбек Шакиев 2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөрүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарында өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда айтты.
Шакиевдин айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги көп багытта иш алып баргандыктан, министр ишти алып кете албай жатат. Мына ошондуктан ал Билим тармагына жаңы министрлик ачуу демилгесин көтөрүп, аны өлкө башчы колдогон.
«Бизде бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги аябай чоң тармак. Министр бир эле учурда мектепке чейинки билим, мектеп, лицейлер, кесиптик жогорку окуу жайлар, жогорку окуу жайлар, илим изилдөө институттары, билимдер академиясы өңдүү 8-9 багытты алып барат. Бул министрликке эки баштуу министр койсок дагы ал министр алып кете албай жатат. Мына ошол багытта мен демилге көтөрүп, бир-эки жолу парламенттин трибунасында да айттым. Министрликти бөлүш керек, мектепке чейинки жана мектеп билими өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогорку билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Билим сапаттуу болбогон сайын, сапаттуу келечек болбойт. Мына ушул биздин демилгени урматтуу президентибиз кубаттап, мына кечээ сүйлөштүк, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөн турат. Илим жана жогорку билим министрлиги»,- деген парламент төрагасы.
Белгилей келсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат. Ага жалпысынан 698 делегат катышып жатат. Курултай 2 күнгө, 20-21-декабрга созулат.
Сүрөт: kenesh.kg




