ЖКнын айрым депутаттары БШКны шайлоо боюнча чакырууну сунуштап жатышат

  • 3 года мурун

Жогорку Кенештин депутаттары бүгүн, 1-декабрда, жыйынга чогулушту. Күн тартибин талкуулап жатып, БШКны жана Министрлер кабинетин шайлоо боюнча жыйынга чакырууну сунушташты.

«Бүтүндөй өлкө акылга сыйбаган манипуляциянын күбөсү болду. Эмне үчүн маалыматтар мынчалык бурмаланган? Ушул убакка чейин кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыгарыла элек. Мындай манипуляциялардан кийин өткөн шайлоолорго, автоматтык системага ишеним жок. Ошого байланыштуу Министрлер Кабинетинин жана БШКнын жетекчилерин чакырып, так маалымат угушубуз керек«, — деп билдирди Наталья Никитенко.

Анын сунушун депутат Шайлообек Атазов колдоду:

«Төлөйкөн округунда административдик ресурс болуп, капка салынган акчалар тараган, булар Нурбек Алимбековдун агитаторлору, бирок реакция болгон жок. 40 аялды мыйзамсыз агитаторду кылып алышты. Бизге мандаттын кереги жок, биз шайлоочулардын үмүтүн сындырбашыбыз керек», — деди Атазов.

А бирок Тазабек Икрамов шайлоонун таза болгонун айтып, ага добуш бергендерге ыраазычылыгын айтып кетти:

«Негизинен таза шайлоо болду. Бирок, акча менен сатып алуулар дагы болду. Буга созсуз баа бериш керек. Мен шайлоочуларыма ыраазычылыгымды билдиргим келет», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты