ЖККУнун баш катчысы Кыргызстан менен Тажикстанды ок атышууну токтотууга чакырды

  • 2 года мурун

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтерин чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу билдирүү ЖККУ расмий сайтында айтылат.

Билдирүүдө айтылгандай, Зась Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

“Чек арада кайрадан кагылышуу башталганы, ушуга чейин жаракат алгандар бар экени олуттуу кабатырлануу жаратат. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу тиреш дароо токтотулушу керек. Келишпестиктерди үстөлгө олтуруп, тынчтык сүйлөшүүлөр арылуу чечүү зарыл. ЖККУ чатакты чечүү үчүн Кыргызстанга жана Тажикстанга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр. ЖККУнун мүчөлөрү – эки мамлекеттин жетекчилиги тең чек арадагы оор маселени жөнгө салуу үчүн орток пикир табат деп ишенем”,- деп билдирген ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстан тарапты көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда жатканын кабарлады Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү чек арадагы кырдаал боюнча атайын штаб түзүлгөнүн, жаңжал чыккан айылдардын тургундары коопсуз жайларга эвакуацияланып жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты